Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки 6га чейин жарык Абдрахманов, Шералиев, Садырбаев, Эркин-Тоо, Кожомкул, Буденный көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Ынтымак, Киргизия-1 жаңы конуштарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.