Кыргызстандын 13 шаарында бүгүн мэрди шайлоо өтүп жатат

Кыргызстандын 13 шаарында бүгүн мэрди шайлоо өтүп жатат. БШКнын токтомуна ылайык, шаар жетекчилери Баткен, Жалал-Абад, Сүлүктү, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайыңды, Кемин жана Орловкада шайланууда.

 

Мыйзам боюнча, муниципалитет башчысы депутаттардын жашыруун добуш берүүсү менен тандалат. Мэр кызматына талапкерлигин жергиликтүү кеңеш депутаттары кое алат.