Ысык-Көл облусунун Ак-Булак айылынын тургундары таза суу менен камсыз болот.
Президент аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, долбоорду
ишке ашырууга Дүйнөлүк банк каражат бөлүп берген. Иштердин жүрүшүндө узундугу
7 миң 800 метр суу түтүгү орнотулуп, 150 метр тереӊдиктен суу чыгарылат.
Мындан тышкары резервуар куруу, электр зымдарын тартуу жана трансформатор
орнотуу каралган. Ушул жылдын октябрь айында жумуштардын
аякташы менен айылдын 2 миңден ашык тургуну таза суу менен камсыз болот.