Боомдо кыймыл чектелет

25-29-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) кулоо коркунучу бар таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдирди.

 

Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Таш кулатуу иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан маал-маалы менен жабылып турмакчы.

Унаа жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт.

 

«30-40тан ашуун автотранспорт топтолуп калса иштер токтотулуп, жол убактылуу ачылат», — деп айтылат маалыматта.

Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалууда.