Баткен шаарында өнөр жай аймагы курулат.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, анын алкагында 28 ишкана пайда болот,
учурда 7 объектиде иштер башталды. Бул максатта калаадагы Чет-Булак кварталынан
173 гектар жер бөлүнүп берилди. Анда индустриалдык соода-логистикалык жана жылуулук электр борборлору,
ун тартуучу жана тоо-кен комбинаттары, курулуш материалдарын өндүрүүчү, жүн, тери,
таштандыларды кайра иштетүүчү заводдору, бут кийим фабрикасы, нефть базасы жана
айнек жасоочу кичи цех салынат. Муну менен 2 миңден ашык жумуш оруну түзүлөт.