Коомдук жайларда беткабы жок жүргөндөрдү жазалоо каралууда

Коомдук жайларда беткабы жок жүргөндөрдү жазалоо каралууда.

Мындай сунуш Республикалык штабдын кеңешмесинде айтылды.

Ага ылайык, соода борборлорго, супермаркеттерге жана көңүл ачуучу жайларга келген адамдар

бет кап тагынышы керек. Ошондой эле аталган жайларда тепловизор, санитайзерлер болушу шарт.

Андан тышкары, соода түйүндөрүн жана базарларды үзгүлтүксүз дезинфекциялоо тапшырмасы берилди.

Штабдан белгилешкендей, саламаттыкты сактоо системасы жана мамлекеттик органдар

коронавируска кабылгандардын көбөйүшүнө даяр болушу зарыл.