Бишкектин 11-кичирайонунда эс алуу аймагы пайда болот.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эс алуу багы Куттубаев жана
Айтиев көчөлөр кесилишинде жайгашат. Аймакта түнкү чырактар, отургучтар
орнотулуп, тротуар жана ирригациялык тармак түшүрүлөт.