Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу улуттук энергохолдингден билдиришти. Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын

сактоо жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында энергетиктер тарабынан керектөөчүлөрдүн кубаттуулукту уруксат берилген көлөмдө колдонгону текшерилди. Анын алкагында, керектөөчүлөрдүн белгиленген көлөмдөн ашык колдонгон электр энергиясы менен иштеген суу жылытуучу жабууларына пломба коюлду. Бирок бул коммерциялык ишканаларга гана тиешелүү,

жеке керектөөчүлөргө эмес, — деп белгилешти ишканадан.