Президенттик шайлоолордо чет мамлекеттердеги мобилдик топтордун географиясы кеңейтилет

Президенттик шайлоолордо чет мамлекеттердеги мобилдик топтордун географиясы кеңейтилет. Бул тууралуу Novosti.kgге БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

 

Ал эске салгандай, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоолордо мындай топтор 35 шаарда иштеген болчу. Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолордо калаалардын саны дагы көбөйөт. Эске салсак, кыргызстандыктар өлкө башчыны жаңырган жылдын 10-январында шайлайт.