Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине ырчылар катыша албайт.
Боршайкомдон билдиришкендей, шайлоо алдындагы үгүт иштери маалында
коомдук иш-чараларды өткөрүүдө көчөдө, стадиондордо концерт,
театралдаштырылган оюн-зоок, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынат.
Андыктан ырчылар шайлоо процессине жаран катары гана катыша алышат.
Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.