Боршайком шайлоодогу үгүт иштерине катышуу үчүн 210 массалык маалымат
каражаттын аккредитациядан өткөрдү. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей,
анда газета-журнал, радио түйүндөр, теле компаниялар жана интернет-басылмалар бар.
Эфирдик убакыт жана басылманын аянтына чегерилчү сумманын өлчөмү
Боршайкомдун расмий сайтында жарыяланат. Эске салсак, үгүттөө иштери
4-сентябрда старт алат. 20-августка чейин партиялар депутаттыкка
талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Добуш берүү 4-октябрда өтөт.