Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2-декабрда парламенттик шайлоолорду жылдыруу боюнча саясий партиялардын биринин кайрылуусун карайт. Бул тууралуу 24 агенттигине адилет органынан билдиришти.
Эске салсак, БШК 21-октябрда депутаттарды кайра шайлоо күнүн белгиледи – 20-декабрь. Бирок эртеси эле Жогорку Кеңеш шайлоолор конституциялык реформадан кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кем эмес убакта өтөт деген мыйзам кабыл алды.