Дагы бир партия мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн эскертүү алды

Дагы бир партия мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн Боршайкомдон эскертүү алды.

Бул тууралуу 24.kg агенттигине мекеменин басма сөз кызматкери Руслан Изреков билдирди.

Анын айтымында, бир партияга соцтармактарда партиялык ураан менен видеолорду

тараткандыгы үчүн эскертүү берилди. Үгүт иштерине 4-сентябрдан баштап уруксат берилген.

Ага чейин саясий уюмдар өздөрүн интернетте же массалык маалымат каражаттарында

жарнамалабашы керек. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт.