Буга чейин мектептин шыбы ураган Терек-Сай айылында жаңы мектеп курулат

Буга чейин мектептин шыбы ураган Терек-Сай айылында жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомствонун басма-сөз кызматынан такташкандай, курулуш иштерине каражатты демөөрчүлөр бөлүп берет.

 

Учурда шып ураган жайда окуу процесси токтотулган. Окуу башка корпуста жүрүп жатат.

 

Эске салсак, кырсык 17-майда сабак учурунда катталды. Окуядан кийин 4 адам ооруканага жаткырылган.