Бишкектеги 3 мектепке кошумча корпус курулат.
Мэриянын маалыматына ылайык, кеп №72, 59 жана
16 билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат.
Ар бир мектепте 150дөн 225ке чейин окуучуга ылайыкташкан
курулуш пайда болот. Жаңы мекемелер окуучуларга
каалгаларын келе жаткан окуу жылында ачып калат.
Каражат Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүндү.
Ага коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалар которулуп келет.