Бардык курулуш компаниялары 1-майга чейин объектилеринде коопсуздукту камсыздашы керек

Бардык курулуш компаниялары 1-майга чейин объектилеринде коопсуздукту камсыздашы керек.

 

Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигинен билдиришкендей, фирмалар курулуш аянттарынын айланасынан жарандардын коопсуз  өтүшүн уюштурууга өзгөчө көңүл бурушу шарт.

 

Андан тышкары, адамдар өтүүчү жер коргоочу чатыр менен корголуп, тосулушу керек. Бул талаптардын бузулушу административдик жоопкерчиликке алып келет. Ошондой эле курулуш компаниясынын жалпы ишмердүүлүгү текшерилиши мүмкүн, — дешти ведомстводон.