Быйыл Кыргызстандагы туристтик жайларга бара турчу жолдорду курууга  жана оңдоого 160 миллион сом бөлүндү

Быйыл Кыргызстандагы туристтик жайларга бара турчу жолдорду курууга  жана оңдоого

160 миллион сом бөлүндү. Унаа жана жолдор министринин орун басары Нурланбек

Кайынбаевдин айтымында, узундугу 25 чакырымды түзгөн унаа жолдун курулушу күтүлүүдө.

Анын ортосунда өлкөдөгү жол тармагын тейлөөгө жылына 8 миллиард сом керектелет.

Чиновник белгилегендей, республикадагы жолдордун 19 миң чакырымы гана

ведомствонун балансында, анын 14 миң чакырымы капиталдык оңдоого муктаж.