Керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн электр энергиясына болгон тарифтерди
кайра карап чыгуу пландалууда. Процесс кышкы жылытуу сезону өткөндөн кийин
жүргүзүлөт — деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Анын айтымында,
учурда алтынды бөлүп чыгаруучу фабрикалар, металл эритүүчү цехтер жана
майниг-фермалар бир киловатт үчүн 5 сом 40 тыйындан төлөшөт. Ал эми бюджеттик
уюмдар үчүн тарифтер 3 сом 40 тыйынга чейин көтөрүлдү. Белгилеп кетсек,
бүгүнкү күндө республика калкы жарык үчүн 77 тыйындан төлөйт.