Ала-Тоо аянтындагы башкы балатыны орнотуу иштери дем алыш күндөрү аяктайт

Ала-Тоо аянтындагы башкы балатыны орнотуу иштери дем алыш күндөрү аяктайт.

Мэриядан билдиришкендей, учурда “Тазалыктын” кызматкерлери кыш сулуусунун

каркасын тургузуп жатышат. Анын узундугу 25 метрди түзөт. Андан кийин жасалгалоо башталат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, каражатты үнөмдөө максатында быйыл жаңы оюнчуктар

сатылып алынбайт, мэриянын ишканасында иштелип чыккан

былтыркы жана мурдагы жылдардагы оюнчуктар пайдаланылат.