Быйыл Кыргызстандын мамлекеттик карызын жабууга рекорддук көрсөткүчтө каражат жумшалат.
Мамлекеттин бекитилген бюджети боюнча маалыматта, береселерге 37 миллиард 266 миллион сом
жумшоо пландалууда. Сумманын 21 миллиард 600 миллион сому тышкы карызга, калган сумма
ички бересеге жумшалат. Эске салсак, учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы
4 миллиард 900 миң долларды түзөт, анын көбү тышкы карыз