Кийинки жылы Кыргызстан карызын төлөөгө рекорддук көрсөткүчтө акча жумшалат

Кийинки жылы Кыргызстан карызын төлөөгө рекорддук көрсөткүчтө акча жумшалат.

Мамлекеттик бересени төлөөгө 35 миллиард 350 миллион сом сарпталат, — деп айтылат

Каржы министрлигинин расмий сайтында. Ага караганда, сумманын дээрлик 20 миллиарды

тышкы карызга багытталат. Буга чейин карызды төлөөгө мындай чоң суммада акча сарптала элек болчу.

Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 800 миллион долларды түзөт.