Бишкекте 15 миң жүргүнчү жол кирени “Тулпар” карталары менен төлөп жатат

Бишкекте 15 миң жүргүнчү жол кирени “Тулпар” карталары менен төлөп жатат. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырган компаниянын өкүлү Арсен Кондахчан билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата көк түстөгү картадан 70 миңден ашыгы сатылды.

 

Эске салсак, 1-марттан тарта Бишкекте электрондук билеттештирүү системасы ишке кирди. Коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу пенсионерлерге, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана почта кызматкерлерине берилди. Ошондой эле, окуучуларда дагы жеңилдиктер бар.