Кыргызстанда аскерге күзгү чакырык башталды.
Башкы штабдын маалыматы кызматынан билдиришкендей,
кийинкиге жылдырууга укугу жок же чакыруудан бошотулгандардан
тышкаркы бардык чакырууга ылайык 18ден 25 жашка чейинки жарандар
30-ноябрга чейин жашаган жери боюнча аскер комиссиариаттарына
кайрылышы керек. Жалпысынан күздө шашылыш кызматка 3 миңден
ашык жана 10 миң адам “альтернативалык” кызматка чакырылат.