Бишкек мэриясы ордо калаадагы чектөөлөр тууралуу эскертет

Бишкек мэриясы ордо калаадагы чектөөлөр тууралуу эскертет.

Учурда ресторандарда массалык мааракелерди өткөрүүгө, түнкү жана караоке клубдардын иштөөсүнө,

барларга, кальян сунуштоочу мекемелердин жана интернет клубдардын иш жүргүзүүсүнө уруксат жок.

Ошондой эле кинотеатр, балдардын ойноо аянтчалары жана соода борборлорундагы фудкорт түйүндөрүнө

уруксат бериле элек. Эске салсак, 20-августтан тартып бир катар чектөөлөр алынды.

Коомдук унаалар эми эс алуу күндөрү да каттайт. Кафелер кардарларын түн жарымга чейин тейлесе болот.

Мындан тышкары велосипеддерди ижарага берүү да эми жеткиликтүү.

Бишкек тургундарынын сейил бак жана скверлерде сейилдөөсүнө да чектөө жок.