Былтыр абитуриенттердин 40 пайызы ЖРТдан 110 баллдан аз алышкан

Кыргызстанда былтыр абитуриенттердин 40 пайызы жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги тестинен 110 баллдан аз алышкан.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Акыркы үч жылда ЖРТдан начар натыйжа көрсөткөн райондордун саны тогуздан 15ке көбөйгөн.

Алсак, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ЖРТ эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон мектептердин саны 77 пайызды түзгөн.

2022-жылдагы предметтик тестирлөөнүн жыйынтыгын талдоо көрсөткөндөй, эң төмөнкү көрсөткүчтөр математика, физика, химия жана биология сабактары боюнча катталган.

Математикадан начар жыйынтык көрсөткөн мектептердин эң көп саны же 79 пайызы Чүй облусунда.