Кыргызстандагы жеке медициналык колледждер текшерилет. “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул жаатта иштер февралда башталган медициналык жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин башталат.
Белгилеп кетсек, текшерүүлөр 15-мартка чейин аяктап, андан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Өзгөчө көңүл медициналык окуу жайлардын клиникалык базасына жасалууда.