“Түркия – бир жүрөк” телемарафонунда 6 миллиард доллардан ашык чогулду

«Түркия – бир жүрөк” телемарафонунда 6 миллиард доллардан ашык чогулду.

Anadolu агенттигинин маалыматына караганда, иш-чарага дүйнөнүн булуң-бурчунан 200дөн ашык телеканал жана 600гө жакын радио колдоо көрсөткөн.

Түз чалуулардан тышкары 9 миллион смс келген.

Түз эфирдеги чалууларды Түркиянын белгилүү маданият өкүлдөрү кабыл алышты.

Анда дүйнөнүн чар тарабынан саясатчылар, ишкерлер, өнөр адамдары жана спорт дүйнөсүнүн көрүнүктүү инсандары байланышып, түрк элине колдоо көрсөткөн.

Кайрымдуулук акциясы учурунда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган да түз эфирге чыгып, жер титирөөдө курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.