Синоптиктер аба-ырайы кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү таратат
Синоптиктер аба-ырайы кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү таратат. 13-декабрдан 15ине чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Мындай аба-ырайы коммуналдык кызматтардын иштөөсүнө тоскоолдук жаратат. Айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болуп, унаалар ортосундагы аралыкты сактоосу кажет. Ошондой эле жайкы шиналарды кышкыга алмаштыруу зарыл.