Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 75-85-чакырымдарына көлөмү 6 миң куб метр кар массасы түштү. Жабыркагандар жок. Учурда аталган трасса убактылуу кыймылга жабылды. Аталган тилкеде атайын техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.