“Кумтөр” кенинин жоголгон кызматкерлери дагы эле табыла элек

“Кумтөр” кенинин жоголгон кызматкерлери дагы эле табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жеринде куткаруу операциясы уланууда. Учурда аларды 94 адам  30 атайын техниканын жардамы менен издеп жатат.

 

Иштер жер кыртышынын көп болушунан улам, татаалданууда, — дешет куткаруучулар. Эске салсак, 9-декабрда “Кумтөр” кенинде жер көчүп, иштеп жаткан кызматкерлерди басып калган. Эвакуациялоодон кийин 2 адам жоголгону аныкталды.