Кыргызстандыктар жыл башынан бери 106 миллиард сом насыя алышты

Кыргызстандыктар жыл башынан бери 106 миллиард сом насыя алышты. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, анын ичинен 82 миллиардын банктар, 24 миллиард сомун кредиттик компаниялар беришкен.   Алынган насыялардын басымдуу бөлүгү соода чөйрөсүнө жана айыл чарбасына жумшалды. Аймактарга бөлүп айта турган болсок, эң көп насыя алгандар Бишкекте… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зона ачылды

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы стерилдик зона ачылды. Анын башкармалыгынын төрагасы Мурат Примбердиев билдиргендей, аэропорттун стерилдик аймагын кеңейтүү долбоору 2 жылда ишке ашты. Анын аянты 1 миң 357 чарчы метрге кеңейтилди. Анда баардык керектүү жабдуулар, эне-бала бөлмөсү, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттар… Кененирээк…

Исфана шаарын таза суу менен камсыздоого 5 миллион евро бөлүнөт

Исфана шаарын таза суу менен камсыздоого 5 миллион евро бөлүнөт. Бул тууралуу  парламенттин маалымат кызматы билдирди. Бул багытта «Исфана шаарындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү» долбоору Жогорку Кеңеште каралды. Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Келишимдин алкагында… Кененирээк…

Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда

Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Ага ылайык, станция Нарын дарыясынын жанындагы Куланак айылында жайгашат. Жаңы курула турган ГЭС Ат-Башы суу электр станциясынан 2,5 эсе кубаттуу болоору күтүлүүдө. Учурда бул жерде геологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Курулуш иштери кийинки жылдын жазында… Кененирээк…

Кийинки жылы аймактарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү

Кийинки жылы аймактарды өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Ага ылайык, жаңы өндүрүштөрдү курууга, жумуш орундарын түзүүгө, ирригацияны өнүктүрүүгө жана калкты таза суу менен камысыз кылууга басым жасалат. Андан сырткары, өлкөнүн алыскы аймактарындагы долбоорлор жана аялдардын ишкердиги унутта… Кененирээк…

Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланды

Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого республикалык бюджеттен «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча долбоорлорду каржылоого 398 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен 121 долбоор толук түрдө ишке ашты.

Кийинки жылы пенсиянын жалпы чыгымдары 52 миллиард сомду түзөт

Кийинки жылы пенсиянын жалпы чыгымдары 52 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди. Бул сумма ушул жылга салыштырмалуу 3 миллиард сомго көп. Өлкөдө эң жогорку пенсиянын суммасы 104 миң сом, ал эми 2 миңге жакын персоналдык алуучулардын бир айдагы пенсиясы 15… Кененирээк…