Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди

Талас облусуна Голландиядан төө буурчактын жаңы сорту алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

 

Белгилүү болгондой, Таластын дыйкандары негизинен төө буурчак өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы 30 жылдан бери сорт жаңыланбай, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен.

 

“Көйгөйдү жөнгө салуу үчүн Голландиядан «хельда» деп аталган төө буурчак сорту алып келинди жана алгачкы сыноолор түшүмдүүлүгү жана сапаты жагынан жакшы натыйжа берди”, — деп айтылат маалыматта.