Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоого республикалык бюджеттен кошумча 2,5 миллиард сом талап кылынат

Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоого республикалык бюджеттен кошумча 2,5 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин коомдук талкууга чыгарылган токтомунда айтылат.

 

“Санарип кампа” билим берүү программасы менен камсыздалган техника мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде иштеген 80 миң мугалимге берилет. Эске салсак, бийлик ноутбуктарды Кытайдан сатып алууну пландап жатат.