Улуттук банк төртүнчү ирет тескери интервенция жасады

Улуттук банк валюта базарынан 25 млн 850 миң доллар сатып алды. Маалымат өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтында жарыяланды.

 

Бул жыл башынан берки төртүнчү тескери интервенция.

 

Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат.