Жалал-Абадда бардык күндүзгү жана түнкү стационарлар жабылды

Жалал-Абадда бардык күндүзгү жана түнкү стационарлар жабылды.

Шаардык штабдын маалыматына караганда, мындай чечим кайрылган жарандардын

саны азайгандан улам кабыл алынды. Ошондой эле дем алыш күндөрү коомдук

унаалар жүрө баштады. Кечээтен тартып мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди.

Мындан тышкары, ушул дүйшөмбүдөн тартып шаардык стадионго каалоочулар бара баштаса болот.