Бишкекте сууга түшүү сезону абанын температурасына жараша июндун ортосунда ачылат

Бишкекте сууга түшүү сезону абанын температурасына жараша июндун ортосунда ачылат.

Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда куткаруучулар

атайын окутуудан өткөрүлүүдө. Андан тышкары, суунун тазалыгы текшерилет. Ошондой эле

ордо калаа аймагындагы сууга түшүүгө кооптуу 15 жерге эскертүү белгилери орнотулду.

Ведомстводон белгилешкендей, көлмөлөрдө топтолууга болбойт, анда санитардык эрежелердин

сакталышы көзөмөлгө алынат. Бүгүнкү күндө Бишкек аймагында 43 суу объектиси бар.