Эми Бишкектеги базарлардын аймагындагы унаа токтотуу жайларына акы алына баштайт

Эми Бишкектеги базарлардын аймагындагы унаа токтотуу жайларына акы алына баштайт.

Мэриядан билдиришкендей, карантинге байланыштуу кызматкерлер жумушка чыкпай,

убактылуу унаа токтотуучу жайларга акы алынбай эле турган. Учурда муниципалдык

унаа токтотуучу жайлар иштеп баштады. Тиешелүү жерлерде машине токтотууга болот

деген белгилер бар. Белгилеп кетсек, муниципалдык кызматкерлер бейджик тагынып,

акы төлөгөндүгү тууралуу талон беришет. Анын баасы унаанын

турган убактысына карабай 25 сомду түзөт.