Бишкекте эки маршруттук таксинин схемасы өзгөртүлдү

Бишкекте эки маршруттук таксинин схемасы өзгөртүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук транспорттордун каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссия түзүлдү.

 

Анын биринчи жыйынында №135 маршруттун схемасы жарым-жартылай өзгөрүп, Шералиев — Эр-Тайлак — Садыбакасов — Камбар-Ата — Ак-Таң көчөлөрү менен каттай турган болду. Ал эми №121 маршруттун схемасы убактылуу өзгөртүлүп Чүй проспектинен Лермонтовго чейин, андан ары Фрунзе, Веселый көчөлөрү аркылуу өтөт.