Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектеп сентябрга пайдаланууга берилет.
375 окуучуга чакталган объектинин даярдыгы 85 пайызды түзөт, — дешти архитектура жана
курулуш агенттигинен. Учурда имараттын ички, тышкы жасалгалоо жана айланасын
көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жаңы мектепте бардык шарттар каралды.
Долбоордун сметалык баасы 1,5 миллион долларды түзөт.