Бишкекте шайлоого байланыштуу жабылган мектептер жана бала бакчалар бүгүнтөн тартып ачылды.
Бул тууралуу novosti.kgге шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
буга чейин кадимки режимде окуп жаткан 7 класстын окуучулары парталарга кайтышты.
Билим берүү мекемелеринде 12-13-апрелде мекемелерде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү.