Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү 3 күнгө жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү 3 күнгө жабылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан такташкандай, убактылуу чектөө 8-9-10-декабрь күндөрү киргизилет.

Анын алкагында, Манас аэропортунан Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектиси Фучиктен тарта, Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү, Манас жана Айтматов проспектилери Чүй проспектинен баштап, мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү, резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейинки тарап жабык болот. Мындай чектөөлөр Бишкекте өтчү ЕАЭБ лидерлеринин жыйынынына байланыштуу.

Айдоочулар жана жүргүнчүлөр маршруттук каттамдарын алдын ала пландап алышы шарт.