Бишкекте оңдоо иштерине жолдор тосулуп баштады

Бишкекте оңдоо иштерине жолдор тосулуп баштады. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн Шевченко көчөсүнүн Жибек Жолу – Мичурин тилкеси жабылса, эртең Левоневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиевге чейинки бөлүгү тосулат.

 

Тыгындарды жаратпоо үчүн айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат. Эске салсам, быйыл ордо калаанын  27 көчөсүндө жалпы узундугу 16,5 чакырым жол катмары жаңыртылат.