Ошто эл аралык ыктыярчылар күнү белгиленди

Бүгүн, 5-декабрда бүткүл дүйнө Экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн эл аралык ыктыярчылар күнүн белгилөөдө.

Бул датанын алкагында Ош шаарынын ыктыярчыларынын жыл бою жасаган эмгеги жана шаарга жардам көрсөтүүгө кошкон салымдары белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы волонтердук кыймылга активдүү катышкан жаштардын өкүлдөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Активист жаштар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Бул күн 30 жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келет.

Демилге 1985-жылы БУУ тарабынан сунушталган.