Жогорку Кеңеш комитети мектепте 12 жылдык окутуу боюнча долбоорду четке какты

Жогорку Кеңеш комитети мектепте 12 жылдык окутуу боюнча долбоорду четке какты.

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мектептеги билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин көпчүлүк депуттары колдошкон жок.

Билим берүү министрлиги өлкөдөгү мектептерди 12 жылдыкка өткөрүү боюнча демилгени быйыл апрелде көтөргөн.

Ведомство балдар мектепке алты жаштан бара баштай турганын, ошондо система эл аралык стандартка шайкеш келтирилерин билдирген.

Бирок бул сунуш коомчулукта түрдүү реакция жараткан.