Бишкектин Дордой конушунда жаңы бала бакча пайда болот.
Мэриянын маалыматына ылайык, имарат 140 орунга чакталат. Анда оюн бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу жайлар, медициналык кабинеттер жана музыкалык-гимнастикалык залдар каралган.
Курулуш иштерине каражат шаар бюджетинен бөлүндү.