Бишкектеги ок атышууга тиешеси бар деп кармалган эки жаран камакка алынды.
Аларды Ленин райондук соту №1 убактылуу тергөө жайына эки айга камоо чечимин чыгарды.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Эске салсак, 9-декабрда Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атышуу болуп,
төрт машина жабыркаган. Аталган фактыдан 3 кишиге ок тийип учурда алар
бейтапканада дарыланууда, ал эми жабырлануучунун бири оор абалда.