Президенттик шайлоо жана референдумга дагы 113 эл аралык байкоочу катталды

Президенттик шайлоо жана референдумга дагы 113 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу БШКнын отурумунда жарыяланды.

 

Муну менен, добуш берүү жана ага даярдык көрүү процессине 43 мамлекеттен жана 31 эл аралык уюмдан келген 300дөн ашык эксперт байкоо жүргүзөт.

 

Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жана мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 10-январга белгиленди.