Бишкектин 8-кичи районундагы скверди көрктөндүрүү иштери уланууда

Бишкектин 8-кичи районундагы скверди көрктөндүрүү иштери уланууда.

Кеп, Безымянный көчөсүнөн тартып, кичирайондорду аралап Түштүк магистралга параллель

келген сейил бак тууралуу болуп жатат. Бүгүнкү күндө андагы жөө жүрүүчүлөр аянты даяр.

Эс алуу багына отургучтар, электр тармактары жана видео байкоо орнотулду. Ошондой эле

жашыл аймак тамчылатып сугаруу тармактарына туташтырылды. Жумуштар жакынкы

аралыкта толук аяктагандан кийин, аталган аймакта түнкүсүн дагы коопсуз сейилдөөгө мүмкүн болот.