Кыргызстан саякаттоого ыңгайлуу өлкөлөрдүн сап башына чыкты. The Guardian 2021-жылы саякаттоого ыңгайлуу 12 өлкөнү тизмектеди. Биздин өлкө биринчи орунда.
Эксперттер рейтингди түзүүдө Кыргызстандын туристтер тарабынан тебеленбеген жаратылышын, каада-салттарды, көчмөн маданиятын жана даамдуу ашканасын белгилешти.
Биздин өлкөдөн тышкары бул тизмеге Исландия, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Украина, Ланди аралы сыяктуу жерлер кирди.