2020-жылы Бишкекте 67 жол чырак орнотулат

2020-жылы Бишкекте 67 жол чырак орнотулат.

Бул тууралуу Шаардык унаа башкармалыгынын башчысынын орун басары

Нурлан Атыканов билдирди. Анын айтымында, Милициянын кайгуул

кызматынын корутундусунун негизинде 55 жол чырак орнотулат.

Ал эми 12 жол чырак боюнча маселе бар. Кээ бир жерлерге тургундар орнотуп

берүүнү суранса, текшерүүнүн негизинде ал жерлерге коюуга болбостугу аныкталды.

Бул тууралуу маселелер жакынкы арада чечилет, — деди Атыканов.